Кытайдын гүлдөгөн Лоян шаары: BIA.KG журналисти атактуу пион бакчасына барды

ЛОЯН, КЭР — Жазгы иш сапардын алкагында BIA.KG маалымат агенттигинин журналисти Кытайдын эң кооз жана маданий баалуулукка ээ жайларынын бири болгон Лоян шаарындагы Улуттук пион бакчасына барды.

Ар жылы апрель-май айларында Лоян гүлдүн борборуна айланат. Бул шаар 1 000ден ашуун түрлөрү бар пион гүлдөрү менен атактуу. Ак, кызыл, кочкул жана жашыл түстөгү гүлдөр бакчаны жомоктогудай кооздукка бөлөйт. Пион гүлүнө арналган эл аралык фестиваль да дал ушул мезгилде өткөрүлүп, дүйнөнүн булуң-бурчунан келген миллиондогон туристтерди тартат.

Бакчанын аймагы классикалык кытай стилинде жасалып, анда жөө жүрүүчү аллеялар, көлмөлөр, таш көпүрөлөр жана көркөм павильондор жайгашкан.

BIA.KG журналистинин айтымында, бул бакча — Кытай элинин табиятка болгон сүйүүсүнүн ачык мисалы экенин билдирди.

22 Апрель 2025 жыл 9:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча