Учурда энергетика министри Таалайбек Ибраев иш сапары менен Кытайда жүрөт.
Ведомстводон маалымдашкандай, министр алгач Жунхай шаарында жайгашкан өндүрүштүк заводко жана ShuiFa Group корпорациясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты. Анда Парткомдун мүчөсү, Шуйфа корпорациясынын директорунун орун басары Янг Бин менен жолукту.
Тараптар энергетика тармагында кызматташууну тереңдетүү, биргеликте долбоорлорду ишкер ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен ШуйФа корпорациясынын ортосунда энергетикалык инфраструктура, анын ичинде заряддоо станцияларын жана энергияны сактоо системаларын өнүктүрүү жаатында кызматташууга багытталган өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.
Меморандумга кол коюу Кыргызстандын энергетика тармагын модернизациялоого жана туруктуу транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болду.
Мындан тышкары, Ибраев NUCL New Energy Tech компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Юлинь Лян менен жолукту. Анда электр заряддоо станцияларынын инфраструктурасын өнүктүрүү, заманбап чечимдерди ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
Энергетика министри Кыргызстанда орнотулуп жаткан электр заряддоо станциялар тууралуу маалымат берип, аларды орнотуу, заманбап технологиялар менен колдонуу жана өнүктүрүү учурдан талаты экенин баса белгиледи.
NUCL New Energy Tech компаниясынын өкүлү Энергетика министрлиги менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Ошондой эле кыргыз делегация электромобилдер үчүн заряддоочу станцияларды чыгарууга адистешкен Zhejiang Anfu Energy компаниясынын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар жабдууларды жеткирүү жана технологияны локалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашып, мындан ар кызматташуунун багытын макулдашты.