Өлкөдө мас абалында унаа башкаргандардын саны азайды

Орозонун күнүндө мас абалында унаа башкаргандардын саны кескин азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-марттан 16-мартка чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 280 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Анын ичинен:

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 718;
мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 88;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 109;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-357;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3766;
авто ээнбаштык 19;
белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4883;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 5;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 14 335;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 230 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

17 Март 2025 жыл 21:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча