Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды

Кыргызстанда мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталган аскер кызматкери 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө (Мамлекеттик чыккынчылык) каралган кылмышты жасаган деп шектелген КР жараны, запастагы аскер кызматчысы С.Ф.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлду.

Жогорку соттун өкүмү менен кармалган жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Мамлекеттик чыккынчылыккылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылып, жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт.

4 Сентябрь 2023 жыл 10:33
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча