
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бүгүн президентке кайрылуу киргизген.
«Кадырман калайык калк! Мен 2025-жылдын 8-апрелинде 65 жашка чыктым. 43 жыл мамлекеттик кызматта болдум.
Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин. Президент менен эриш аркак өтө сый-урмат менен иштешкениме миң мертебе
ыраазымын. Бүгүн, президентке кайрылуу киргиздим. Ыраазычылыгын сурадым. Дайым, сиздер мененмин!»,-деп жазган Касмамбетов.
Белгилей кетсек, Сүйүнбек Касмамбетов 2021-жылы мамлекеттик катчы болуп дайындалган.