Мамлекеттик лабораторияларда камсыздандырылган жарандар үчүн акысыз тапшырылчу анализдердин тизмеси бар. Жарандар көп учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда лабораториялык изилдөөлөр жеке клиникаларга караганда начар жүргүзүлөт деген пикирлерди угуп калышары айтылып эле жүрөт.
Бул ирет Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду мындай ой-пикирлерден алыс болууга жардам бере турган бир нече фактыларды атады.
Эскерте кетсек, акысыз текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо керек: үй-бүлөлүк дарыгерге дайындалуу жана дарыгердин жолдомосун алуу зарыл.
Көптөгөн камсыздандырылган жарандар өз укуктарын билишпейт жана өз убагында консультациядан, текшерүүдөн, анын ичинде Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүүгө маани беришпейт.
Бул мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып, өз убагында диагностикалоо жана дарылоодон өтпөй оорулардын татаалдаштырып жиберишет. Андыктан жарандар көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтарды алуу үчүн дарыгерге кайрылууну эстен чыгарбоосу кажет.
“Эгерде медициналык кызматкер сизди үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлө турган анализдерди жүргүзүү үчүн жеке лабораторияларга жөнөтсө, жетекчиликке кайрылыңыз же Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 24 саат бою иштеген 113 ишеним телефонуна чалыңыз”, — деп айтылат маалыматта.