«Манас» аэропортунун жолун оңдоо уланууда

Бишкекте «Манас» эл аралык аэропортуна барчу Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоо иштери уланууда. 

Мэриядан маалымдашкандай, бүгүн, 5-июлдан тартып реконструкциялоо иштеринин үчүнчү этабы башталат. Мында Комсомольская көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки жалпы узундугу 7 чакырым болгон тилкеде иштер жүрөт.

Жол оңдоо иштери убагында көчө толугу менен жабылбайт. Унаа кыймылы үчүн жолдун бир тарабы ачык болот.

Белгилей кетсек, оңдоо иштеринин биринчи этабы 23-26-июнь күндөрү аяктап, жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол реконструкцияланды.

Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин жүргүзүлүп, Фучик көчөсүнөн «Манас» эл аралык аэропортуна чейинки жол тилкесин камтыды.

6 Июль 2026 жыл 9:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча