Манас районунда 7,28 га жер мамлекетке кайтарылды

Манас районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган кыймылсыз мүлк объекттерин кайтарып алуу боюнча активдүү иш-чаралардын жүрүшүндө Манас районунда 7,28 га аянттагы муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүүнү аныктады.

Натыйжада УКМК жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди.

11 Декабрь 2025 жыл 13:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча