Мектепте асынып алган окуучу ооруканада каза болду

Ысык-Көлдө 11-класстын окуучусу өмүрүнө кол салып, 9 күндөн кийин ооруканада каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-февралда Барскоон айылындагы мектепте болгон.

«17 жаштагы кызды асынган абалда спорт залдан дене тарбия мугалими тапкан. Тез жардам чакырылып, окуучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, кийин Бишкектеги ооруканага которулган. Тилекке каршы, өспүрүм 14-февралда каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен иш козголгону маалым болду

19 Февраль 2025 жыл 11:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча