Мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүүдө

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстанда чет өлкөдө жүргөн мигранттардын электрондук маалымат базасы түзүлүп жатканын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, пилоттук долбоор биринчи Жалал-Абад облусунда башталып, Сузак районунун алты айыл аймагында үймө-үй кыдыруу учурунда чет жакта эмгектенин жүргөн адамдар тууралуу маалыматтар чогултулду. Алардын үй-бүлөлөрү маалымат базасына киргизилди.

Министрлик бул миграция жаатындагы статистиканы так чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турганын кабарлады. Эми бул системаны башка аймактарга да жайылтуу пландалууда.

7 Декабрь 2023 жыл 10:15

Тема боюнча