Кечээ, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Бишкек шаарындагы 15 мектепте ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кирүүчү атайын өтмөк (пантус) жок экенин депутат Дастан Бекешов билдирди. Ал мындай жагдай үчүн Мамкурулуштун ишин сынга алды.
Өз кезегинде Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары Талант Иманакун уулу депутаттын айткандарын четке, жаңы салынган мектептердин бары талапка ылайык курулганын айтып, депутат менен кошо кыдырууга даяр экенин билдирди.