Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Бишкектин Ала-Тоо аянтында 31-августта эгемендик күнүнө карата уюштурулган концертте ырдай турган орусиялык ырчылар тууралуу комментарий берди.
Ал 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген кыскача маегинде орусиялык ырчылардын тобу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендик күнүнө карата келип, ырдап берүү тууралуу өздөрү демилге көтөргөнүн айтты.
“Азыр Фейсбук же башка соцтармакта отуруп алып “Бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз” деп аткандарга айтарым: “Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук” деп айтпайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун. Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсыл ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле? Мурда дүйнөлүк ырчыларды бул жакка коелу, коңшу өлкөлөрдүн ырчылары көңүл бурчу эмес. Өзүбүздүн ырчылар да ырдашат. Убакыт баарына жетет”, — деди ал.
Социалдык тармактарда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 31-августта эгемендик күнүнө карата уюштурула турган концертте Орусиянын ырчыларынын келип ырдашына каршы пикирлер айтылууда. Интернет колдонуучулар “жакын кошунасына кол салган өлкөнүн ырчыларын эгемендик күнүндө концертке катыштыруу туура эмес” деп, майрамдык иш-чарага жергиликтүү ырчы-чоорчуларды, кошуна мамлекеттердин шоу-бизнес өкүлдөрүн чакырууну сунуштап жатышат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 31-августта эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтындагы концертте кыргызстандык жана орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык ырчы Боссон, италиялык ырчы, композитор Ин-Грид ырдай турганын билдирген.