Министрлик жакынкы жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизди

Кыргызстанда 15-апрелден 15-сентябрга чейин жазгы жайыттарга мал жаюуга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрликтин тиешелүү буйругу былтыр 23-июлда чыккан.

«Жергиликтүү бийлик жакынкы жайыттарды жетиштүү көзөмөлдөбөй, ал эми жайыт пайдалануучулар ага кайдыгер мамиле жасаган. Натыйжада 139 миң гектар жакынкы жайыт деградацияга учураган. Жайытты жакшыртуу максатында 15-апрелден 15-сентябрга чейин жазгы жайыттарда мал жаюуга чектөө киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик малчыларга алыскы жайыттарды пайдаланууну, жергиликтүү бийликке жайыт башкаруу планын бекиткенде бул буйрукту эске алууну сунуштаган.

24 Март 2025 жыл 17:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча