Москвада кармалган кыргызстандык келиндин баласы туугандарына берилди

Москвада жердештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн «Мыйзамсыз миграция уюштурууга» айыпталып кармалган кыргызстандык келиндин балдар үйүнө алынган 1,5 жашар баласы туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу келиндин адвокаты Эрлан Токтосунов «Азаттыкка» билдирди.

Бала келиндин бир тууган эжесине берилген. Буга Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Мовква шаарындагы Башкы консулдук көмөктөшкөн.

«Азаттык» Москвада полиция кыргызстандык келинди «Мыйзамсыз миграция уюштурууга» айыптап кармап, анын 1,5 жашар баласын балдар үйүнө алып койгонун 26-июнда жазган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта 410 миңден ашуун кыргызстандык жаран Орусияда.

3 Июль 2024 жыл 19:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча