Мындан ары жарандар соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үч саат ичинде алса болот

Мындан ары жарандар соттолбогондугу тууралуу маалымкатты үч саат ичинде алса болот. Ички иштер министрлиги жаңы санариптик кызмат ишке киргенин билдирди.

Маалыматка ылайык, демилге Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте ишке ашырылган.

Бул үчүн Tunduk мобилдик тиркемесинен же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан «адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, Кыргызстандын аймагында соттуулугу бар-жогу жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берүү» кызматын тандап, тариздөө керек.

Маалымкатты үч сааттын ичинде алуу үчүн арыздар саат 9:00дөн 14: 30га чейин кабыл алынат. Ошол эле күнү саат 18:00гө чейин ээсинин колуна тиет.

Кызматтын баасы 1090 сом.

Мындан тышкары, бул мамлекеттик кызматты үч саат эмес бир же үч күндүн ичинде да алууга болот. Буга жараша баасы да арзан түшөт. Тагыраагы, бир күн ичинде алсаңыз 191 сом, үч күндө алам десеңиз 86 сом төлөйсүз.

31 Июль 2024 жыл 22:28
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча