Нарын шаарында жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, капсула салуу аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, курулушка старт берди.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын базасында 100 орундуу төрөт үйү жер төлөсү менен 4 кабаттуу болуп курулуп, жаңы медицина аппараттары менен жабдылат.
Анын алкагында УКМК төрагасы Ташиев дарыгерлер менен жолугушуп, мамлекет ар бир медицина кызматкерин үйлүү кылып, айлыгын көтөрүү боюнча керектүү аракеттерди көрүп жатканын айтты. Бул үчүн ипотекалык үйлөр салынарын билдирди.