Нарын шаарында жол чырактар орнотулууда

Нарын шаарында жол чырактар орнотулууда.

Мэриядан билдиришкендей, жол чырактар шаардын борбордук Ленин көчөсүнө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргыз автожол -Түндүк” ишканасы тарабынан коюлуп, жол чийиндери чийилүүдө.

Мындан тышкары, “Таза Нарын” муниципалдык ишканасы тарабынан мектеп, бала бакчалардын жанындагы жөө өтмөктөр жаңыртылып, негизги кесилиштерге, жөө өтмөктөргө түнкүсүн күйгөн эскертүүчү белгилер орнотулду.

15 Сентябрь 2026 жыл 15:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча