Окууну бүткөн медиктер менен фармацевттерди аттестациядан өткөрүү сунушталууда

Медицина жана фармацевтика адистигин бүткөндөрдү аттестациялоо сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы тартипке ылайык, медициналык жана фармацевтикалык билим алган бүтүрүүчүлөр ишке киргенге чейин бирдиктүү аттестациядан өтүшү керек. Мындан тышкары, аттестация ар беш жыл сайын кайталанып турат.

«Медициналык жана фармацевтикалык адистердин билимин баалоо үчүн онлайн-тестирлөө системасы киргизилет. Ал 100 суроодон туруп, 120 мүнөткө созулат. Босого балл 50дөн жогору болот. Эгер талапкер сынактан өтпөй калса, кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет», — деп жазылган негиздемеде.

Жаңы система медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, аттестация процессин ачык-айкын кылууга жана адистердин кесиптик даярдыгын стандартташтырууга шарт түзөт.

27 Февраль 2025 жыл 17:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча