Бүгүн, 5-авгутта грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбеков Париж Олимпиадасында 60 кг чейинки салмакта алгачкы беттешин өткөрдү.
Кыргыз балбаны Шаршенбеков 1/8 финалдагы атаандашы Казакстандык Айдос Султангалини 6:3 эсебинде утуп кийинки баскычка чейрек фианалга өттү.
Жоламан Шаршенбеков — дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022-2023-жыл) жана эки жолу күмүш байгенин ээси болгон (2018, 2021-жыл), Азиянын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл) жана эки жолу күмүш уткан (2018, 2020-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл).
Ал эми анын атаандашы Айдос Султангали дүйнө чемпионатында эки жолу коло уткан, Азия чемпиону.