Орто-Токойго миллиондон ашык чабак кое берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион 200 миң чабак кое берилди. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Сига-лудога балыгынын чабактары Тоң районундагы балык өстүрүүчү ишканада чоңойтулган.

Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатканын «Орто-Токой ынтымагы» коомунун жетекчиси Жеңишбек Чекиров айтып берген. Ал баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калганын кошумчалады.

Мээнет менен өстүрүлгөн балыктарды мыйзамсыз уулагандарга иш козголорун жана бир балык үчүн 1010 сомдон айып пул салынып, жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.

19 Март 2024 жыл 15:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча