Орусиянын Тергөө комитети Москванын четиндеги «Сахарово» борборунда тинтүү жүргүзүп жатат. Мекеменин маалымат катчысы Юлия Иванова 3-сентябрда билдиргендей, рейд алдамчылык иши боюнча өткөрүлүп жатат.
РБК басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, «Сахаровонун» кызматкерлери 30 миң рублга ал жактагы мигранттарды туугандары менен жолуктуруп, тез арада бошотулушуна көмөк көрсөтүүнү убада кылышкан.
Shot Телеграм-каналы кеп чет элдиктерди каттаган борбордун эки инспектору тууралуу болуп жатканын жазды. 112 Телеграм-каналы кабарлагандай, инспекторлордун өз кишилери борбордун жанында эле камактагыларды туугандары менен жолуктуруу үчүн беш миң рубль сурап турушкан.
Учурда шектүүлөр сурак берип жатканы маалым болду.