Ош шаарынын мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратты оңдоп-түзөө иштери улантылууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын чатырын жабуу иштери кызуу жүрүүдө.
Имараттын чатырына күн панелдери менен орнотулуп, энергияны үнөмдөө жана имараттын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.