Ош облусттук милиция селден алты киши каза болгонун кабарлады

Ош облусттук ички иштер башкармалыгы 28-июндагы Ноокат районундагы селден алты киши каза болгонун билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, аларды суу агызып кеткен.

“Алдын ала алынган маалыматтар боюнча Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамычаларды, 10 турак үйгө сел кирип, 6 адамды агызып кеткендиги маалым болгон”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

28-июнда Ноокат районунун 19 жаштагы К.Б, 16 жаштагы М.Б, С к А жана М к Анын (туулган жылдары тактала элек) сөөгү табылган. 29-июнда түштө чендерде дагы эки кишинин (өздүгү такталууда) сөөгү табылды.

29 Июнь 2024 жыл 17:49

Тема боюнча