Ош-Раззаков жолундагы эски көпүрө селден улам урап түштү (видео)

Ош-Раззаков авто жолундагы 63 чакырымында жайгашкан көпүрө катуу келген селден улам кулап калды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал 1964-жылы салынып, авариялык эски көпүрө болгондуктан чогулуп катуу келген сел сууларына туруштук бере алган эмес.

Буга байланыштуу каттам токтотулду.
Кулаган көпөрөдөн жабыркаган адамдар, техникалар жок. Селдин каттуу келип жаткандыгын алдын ала угуп техника каттамдарды жана жөө отүүчүлөр токтотулган.

Азыркы учурда объездной жолду караштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

30 Июнь 2024 жыл 23:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча