Ош шаарында 200 жерге балдар аянтчалары курулат

Ош шаарында 200 жерге балдар ойноочу аянтча курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар аянтчалары шаардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы бош турган жерлерге курулат.

Учурда иштер башталып, биринчи этаптын алкагында элүү комплект аянтчанын жабдыктары алынып келинип Анар, Төлөйкөн жана Кулатов кичи районунда орнотуу жумуштары жүрүп жатат.

13 Апрель 2025 жыл 16:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча