Ошто кордук көргөн 15 жаштагы кыздын ишине байланыштуу дагы эки аял кармалды. Бул туралуу зомбулукка кабылган өспүрүм кыздын адвокаты Жахангир Сайфуллаев “Азаттыка” билдирди.
“Биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жатабыз, мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Кылмыш- жаза кодексинде жашы жете электерге карата зомбулук, сексуалдык аракеттер үчүн берене абдан оор. Кечээ эки кыз кармалды. Аларга Кылмыш жаза кодесинин 159-беренесинин (“Сойкулук кылууга тартуу”) үчүнчү бөлүгү менен айып коюлган”, — деди адвокат.
27-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берип, кызды уруп-сабоого катышы бар деген шек менен 21 жаштагы жана жашы жете элек менен интимдик катнаш жасоого барган деген шек менен 27 жаштагы жаран тергөө кызматына жеткирилгенин кабарланган.
Азырынча кармалгандардын жакындары же адвокаттары комментарий бере элек.
Өспүрүм кыздын сексуалдык зомбулукка кабылганы боюнча окуя акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылып, кыздын укугун коргоого жана тез арада чара көрүүгө чакыргандан кийин коомчулукка ачыкталган.