Ошто 22 жерге ЛЭД экран орнотулуп, 3 «акылдуу» аялдама курулат

Ош шаарынын мэриясында муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиянын кезектеги отуруму өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында жалпысынан 49 маселе каралды.

Жыйынтыгында комиссиянын чечими менен демөөрчүлөрдүн эсебинен 3 жер тилкесине заманбап «акылдуу» аялдамаларды курууга макулдук берилди. Аялдамалардын 30% аянтында тейлөөчү жайлар жайгашат.

Ошондой эле санариптик ЛЭД экрандарды орнотуу үчүн 22 жер тилкеси, ал эми аукцион аркылуу ижарага берүү жана аукционго чыгаруу үчүн 17 жер тилкеси жактырылды. Ошондой эле 4 жер тилкеси түз ижарага берилет.

Бардык чечимдер Ош шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жана Жер ресурстары кызматынын корутундуларынын негизинде, мыйзамга ылайык ачык-айкын кабыл алынганы белгиленди.

8 Июль 2026 жыл 15:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча