Ошто аттестациядан өтпөй калган 12 мечиттин имамдары алмашууда

Ош шаарында аттестациядан өтпөй калган 12 мечиттин имамдары алмашууда. Бул тууралуу Ош шаардык казыятынан «Азаттыкка» 11-декабрда билдиришти.

Маалыматка ылайык, аттестациядан өтпөй калгандардын арасында үч диний окуу жайдын жетекчилери да бар.

«Азаттыктын» жеке булактары айрым мечиттердин имамдары мындай чечимге макул болбой, шаардык казыятка нааразылык билдирип жатканын айтты.

Казыят кайсы мечит имамдары алмаша турганын тактаган жок.

12 Декабрь 2023 жыл 9:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча