Ошто шаар күнүнө карата эл аралык бокс турнири өтөт

Ош шаарында шаар күнүнө карата TURKSEN 3-эл аралык бокс турнири өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган турнир ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен уюштурулууда. Ага Түрк дүйнөсүнүн мамлекеттеринен жана башка өлкөлөрдөн келген атактуу спортчулар катышары күтүлүүдө.

Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазовду кабыл алып, иш-чара тууралуу сүйлөшүү өткөрдү.

Шайлообек Атазов турнирди өткөрүүнүн башкы максаты достук жана кызматташтыкты чыңдоо, жаш муунду спортко тартуу экенин билдирди. Мэр өз сөзүндө Ош шаарынын спорттук имиджин жогорулатууда аталган бокс турнирин өткөрүү чоң таасир этээрин белгилеп, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Шайлообек Атазов шаар башчысына Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын атайын курун тапшырды.

16 Июль 2026 жыл 17:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча