Петербургда дивандын алдынан өзбекстандык аялдын сөөгү табылды

Санкт-Петербург шаарында ижарага алынган батирдеги дивандын алдынан 28 жаштагы аялдын сөөгү эки жумадан кийин табылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

10-октябрда өзбекстандык 28 жаштагы аял жана анын 23 жаштагы түгөйү суткалык батирди ижарага алышкан. Эртеси үй тазалоочу аял келип, бөлмөнү жыйнап, чыгып кеткен. Аял шектүү эч нерсе байкаган эмес.

Эки жумадан кийин үй ээси батирге келген. Себеби түгөйлөр байланышка чыкпай, ижара акысын төлөбөй коюшкан. Кожоюн батирге келип, дивандын астынан аялдын сөөгүн тапкан.

Тергөөчүлөр «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгошту.

Орус басылмалары укук коргоо органдарына шилтеме кылып, маркум аялдын жигити да мигрант болгонун, ал 12-октябрда Санкт-Петербургдан Стамбулга учуп кеткенин жазууда.

25 Октябрь 2023 жыл 16:57

Тема боюнча