Президент: Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу, өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен республикалык кеңешме өткөрдү.

Президент иш-чараны ачып жатып, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн заманбап шарттарында мезгил чакырыктарына өз маалында сапаттуу жооп берүүгө, бийлик органдарынын ишмердигинин ачык-айкындыгын жана элге чындап кызмат кылууну камсыз кылууга, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө жөндөмдүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын натыйжалуу системасын түзүү – негизги милдеттердин бири болуп саналарын белгиледи.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары өлкөбүздө социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча олуттуу жетишкендиктер болгонун айтты.

“Бирок мындай жетишкендиктер менен эле чектелип калууга болбойт. Элдин мамлекетке болгон ишеними биринчи кезекте, алардын күнүмдүк турмушундагы көйгөйлөрдүн канчалык деңгээлде чечилип жаткандыгы менен өлчөнөт”, — деди Садыр Жапаров.

Президент Ош жана Нарын облустарына болгон иш сапарларын, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын кайрылууларын жеке өзү укканын эске салды.

“Алардын 80-90 пайызы борбордон эмес, жеринде эле чечиле турган маселелер болуп чыкты. Ичүүчү суу, ирригация, ички жолдор, жер маселелери, көчөлөрдү жарыктандыруу, муниципалдык кызматтар, социалдык инфратүзүм жана башка жергиликтүү деңгээлде чечиле турган башка көйгөйлөр дээрлик бардык райондордо айтылды. Чындыгында бул маселелердин көбү бүгүн эле пайда боло калган жок. Бирок айлап-жылдап, айрым учурларда ондогон жылдар бою чечилбей келет”, — деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент мындан ары мындай башкаруу системасынан баш тартууга мезгил келип жеткенин баса белгиледи.

“Жоопкерчиликти бир мекемеден башкасына, бир жетекчиден экинчисине түртүп, убакыт өткөргөн мезгил бүттү. Элге шылтоо эмес, мыйзамдуу жана өз убагында кабыл алынган адилеттүү чечим керек. Эл силерди издеп, мекеме эшиктерин каккылап, зар какшагандан кийин гана иштей баштаган система да бүтүшү керек!”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы тескерисинче, мамлекеттик кызматкер элдин көйгөйүн алдын алып, өзү чечүүгө аракет кылышы кажет экенин айтты.

“Борборго же социалдык тармактарга чейин жеткирбей туруп маселени жеринде чечкенди үйрөнүү зарыл. Бир маселени айлап-жылдап сүйрөп жүрүүгө эч кимдин акысы жок. Чечиле турган маселе өз убагында чечилиши керек. Ар бир жетекчи өз аймагындагы маселени өзү чечкен система түзүлүшү кажет. Ошондо гана мамлекеттик башкаруу күчтүү болот”, — деп белгиледи президент.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, бүгүн бардык мүмкүнчүлүк бар: социалдык тармактар бар, маалымат каражаттары бар, онлайн байланыш бар.

“Эл менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөргүлө, сурамжылоолорду уюштургула, жарандарды кабыл алуунун жаңы ыкмаларын киргизгиле. Башкаруу системасын жакшырталы, заманга шайкеш ыкчам өнүгөлү”, — деп талап кылды Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы элдин талаптары деле оор эместигине токтолду.

“Асмандан жылдыз алып бергиле” деген жери жок. Карапайым эл: “Мыйзам иштеп, мамлекеттик кызматкер жоопкерчилигин туура, так, өз убагында аткарсын”, — деп жатат. Эл мыйзамдуу, адилеттүү жана өз убагында кабыл алынган чечимди күтөт. Мамлекеттик кызматтын эң башкы милдети да ушул эмеспи. Ар бириңер ушул принцип менен иштесеңер, элдин мамлекетке болгон ишеними дагы да бекемделет”, — деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров көйгөйлөрдүн негизги себептеринин бири – мамлекеттик башкаруудагы функциялардын туура бөлүштүрүлбөй калгандыгында же талаптагыдай аткарылбагандыгында болуп жатканын айтты.

“Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрү 152 мыйзамды, 270тей мыйзам алдындагы актыларды жүзөгө ашырып келет. Мындай көрүнүш алардын мыйзам менен жүктөлгөн негизги милдетинен — жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөн алаксытып жатат”, — деди президент.

Белгиленгендей, айыл өкмөтү, биринчи кезекте, өз айылынын көйгөйү менен алектениши керек. Айылдагы жолдун абалы, ичүүчү суу, көчөлөрдүн тазалыгы, жайыттар, муниципалдык менчик, жергиликтүү инфратүзүм, калктын турмуш шартын жакшыртуу – мына ушул маселелер алардын негизги жоопкерчилиги болушу зарыл.

Садыр Жапаров элге кызмат кылуунун негизги көрсөткүчү кагаздагы толгон-токой отчет эмес, элибиздин жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөр болушу кажет экенин баса белгиледи.

Буга байланыштуу президент министрлер кабинетине, мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык функцияларды кайрадан тыкыр талдап чыгып, мыйзамдарга ылайык ким эмне үчүн жооп берерин тактоону, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өздөрүнө тиешеси жок ашыкча тапшырмалардан бошотуу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруу жаатында кабыл алынган бир нече чечимдерди санап өттү:

  • Айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынды;
  • Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына эки жолудан кем эмес калк менен жолугушууларды өткөрүүгө милдеттендирген мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды.
  • Ошондой эле президенттин жарлыгы менен саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарды, тактап айтканда акимдерди, алардын орун басарларын, мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын тең же төмөн турган кызмат орундарына үч жумуш күнүнүн ичинде конкурстан өткөрбөстөн дайындоо тартиби киргизилди. Бул чечим мамлекеттик башкарууда кадрдык дайындоолордун ыкчамдыгын камсыз кылууга багытталды.

Мындан ары облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр облустук түзүмдөрдүн, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоодо түздөн-түз аралашат. Башкача айтканда, мындай дайындоолор алардын макулдугу менен ишке ашат.

Ошондой эле негиздүү сунуш берилген учурларда облус жетекчиси, район акими облустук түзүмдөрдүн, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан бошотууга макулдук берет. Мындай укук республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерине да берилет.

Ал эми райондун акимдери министрликтер менен административдик ведомстволордун, алардын ведомстволук түзүмдөрүнүн райондук башкармалык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоого макулдук беришет.

“Мындан ары облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, акимдер жана мэрлер өз аймагындагы мамлекеттик саясаттын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат”, — деп өзгөчө белгиледи мамлекет башчысы.

Мындан тышкары министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү өз тармактык жетекчилерине гана эмес, тиешелүү аймактын башчысына дагы иштин жыйынтыгы боюнча отчет берип турууга милдеттендирилет.

“Облуста, райондо ар ким өз-өзүнчө иштеген учур бүттү. Бардык мамлекеттик органдар бир команда болуп иштеши керек. Эл “кайсы орган жооп берет?” деп көрүнгөн эшикти каккылап жүрбөшү зарыл”, — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы эң негизгиси, элди түйшөлткөн маселелер жеринде өз убагында чечилгендей болушу кажет экенине токтолду.

“Калк көтөргөн жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөр борбордук деңгээлге чейин жетпестен, тиешелүү жетекчилер тарабынан жеринде каралып, мыйзам алкагында чечилиши зарыл. Бул – мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугунун жана элдин бийликке болгон ишениминин негизги көрсөткүчү болот!” — деп баса белгиледи президент.

Мамлекет башчысы катышуучуларга кайрылып, отургандардын ар бири өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасап, мамлекетибиздин өнүгүшүнө, аймактарыбыздын өсүп-өнүгүшүнө жана элибиздин бакубат жашоосуна татыктуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

“Биздин негизги максатыбыз – күчтүү жергиликтүү башкарууну калыптандыруу менен күчтүү мамлекет куруу! Анткени мамлекеттин күчү борбордон эмес, ар бир айылдын, ар бир шаардын натыйжалуу башкаруусунан башталат. Ошондуктан мен ар бириңиздерден жоопкерчиликти, демилгелүүлүктү талап кылам. Элдин көйгөйүнө кайдыгер карабаңыздар. Биз – бир командабыз. Жогоруда баса белгилегенимдей, жалпы жетишкендиктерге маашырланып олтуруп калбай, элдин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүүдө бир муштум болуп иш алпаруу максатка ылайык келет”, — деди Садыр Жапаров.

Президент бюрократизм, отписка же кагып-силкүү деген эски түшүнүктөрдөн алыс болууга чакырды.

Садыр Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн компетенциялары жөнүндө эскертип, алардын бири зарыл болгон учурда облустун аймагында ведомстволор аралык комиссияларды түзүү болуп саналарын эске салды.

“Мен райондорду кыдырганда көпчүлүк жерде комиссия түзүп туруп эле чечип койчу маселелер экенин көрдүм. Облустук деңгээлде, керек болсо райондук эле деңгээлде. А силер болсо прокуратура сотко, сот УКМКга, УКМК Ички иштер министрлигине, болбосо губернаторго шылтап коюп эле, облуста чыр-чатактардын бардыгы чечилбей келе жаткан. Жөнөкөй элдин көйгөйлөрүнүн чечилбей келе жаткан түйүнүн көрдүм”, — деди президент.

Мамлекет башчысы облустардагы өкүлдөрдүн бардык зарыл ыйгарым укуктары бар экендигин, бирок иш жүзүндө алар ишке ашпай жаткандыгын же белгилүү жагдайлар тоскоолдук кылып жаткандыгын белгиледи.

“Эми мындан ары силерге мына мен сөз жүзүндө дагы, иш жүзүндө дагы, мыйзам жүзүндө дагы укуктарды берем. Баягы күндөгү Нарында, Ошто кыдырганда чырылдап жаткан элдерди өзүңөр издеп барып аркасынан, “Эмне көйгөйүң бар?” деп чакырып, бардыгын координация кылып, анан комиссия түзүш керек болсо, комиссия түзүп туруп эле чекит койсоңор”, — деп Садыр Жапаров өзгөчө тапшырды.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана башка катышуучулар иш-чаранын темасы боюнча өз ойлорун жана сунуштарын ортого салышты.

Баяндамаларды уккандан кийин президент Садыр Жапаров жетекчилерге берилген жана кошумчаланган ыйгарым укуктарынын чегинде өз аймактарында ишти күчөтүүнү тапшырды.

Бүгүнкү иш-чаранын жыйынтыгы боюнча, жыл аягына чейин аралык жыйынтыктарды чыгаруу жана көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоо үчүн ушундай кеңейтилген кеңешме өткөрүү чечими кабыл алынды.

30 Июнь 2026 жыл 15:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча