Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде 29-сентябрда 5 кг 425 грамм салмактагы, бою 56 сантиметр болгон наристе жарыкка келди.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 29 жаштагы эне кесарево жолу менен көз жарган.
Азыркы учурда апанын жана баланын абалы канааттандырарлык.