Селден жабыркагандарга 3,5 млн сом кенемте төлөндү

Өлкөнүн бир катар аймактарында катталган сел кырсыктарынан жабыркаган жарандарга камсыздандыруу кенемтелери төлөндү. 

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришкендей, кенемтенин жалпы көлөмү 3 млн 517 миң 965 сомду түздү.

Төлөмдөр төмөнкү аймактардагы камсыздандырылган турак жай ээлерине жүргүзүлдү:

  • Ош облусуна – 200 010 сом;
  • Баткен облусуна – 1 080 123 сом;
  • Манас шаарына – 2 237 832 сом.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарды колдоо иштерин улантып, камсыздандыруу төлөмдөрүн өз убагында жүргүзүүдө.

9 Июнь 2026 жыл 11:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча