Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президентин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргызстан КМШга төрагалык кылууда.

13 Октябрь 2023 жыл 12:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча