
Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда саат 09:20да жана Арал постунда саат 08:30да оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз жолунун 60-чакырымындагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө азырынча күчүндө.
Белгилей кетсек, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
«Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырат»,-деп айтылат маалыматта.