Сосновка жана Кара-Көл постторунда QR-код аркылуу накталай эмес түрдө төлөөнү киргизүү пландалууда

Сосновка жана Кара-Көл постторунда унаалардын өтүүсү үчүн төлөмдөрдү QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, Сосновка өткөрмө постундагы тесттик режимде ишке киргизилип жаткан накталай эмес төлөм системасы менен таанышкан.

«Калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, адам факторун жокко чыгаруу, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында киргизилип, сыналып жаткан программа тууралуу толук маалымат алган соң, иш жүзүндө пайда болгон айрым майда кемчиликтерди жоюу менен элдин ыңгайлуулугу үчүн тез арада киргизүү тапшырмасын бердим.

Белгилей кетсем, накталай эмес төлөм системасы министрликке караштуу “Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан иштелип чыгууда. Азыркы тапта да төлөм чогултуу адам факторунун кийлигишүүсү жок терминал аркылуу ишке ашып жатат. Мындан тышкары, эки посттун кириш-чыгыш жолдорун кеңейтүү планда бар»,-дейт министр.

Текебаев кошумчалагандай, буга чейин төлөм топтоо көзөмөлүн күчөтүү максатында Сосновка жана Кара-Көл постторунда видеокамералар орнотулуп, анын жыйынтыгында төлөм чогултуудан түшкөн каражаттын көлөмү кескин жогорулады.

2 Июль 2024 жыл 10:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча