Жыл башынан бери суу жана көлдөрдөн 59 чакырым тор жана 1 тоннадан ашык таштанды чыгарылды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында:
Белгиленгендей, учурда өлкөдө балыктардын урук чачуу мезгили жүрүүдө. Бул мезгилде суу биоресурстарын коргоо өзгөчө мааниге ээ. Анткени, ушул маалда жок болгон ар бир балык келечектеги миңдеген балыктын азайышына алып келет. Балык корунун кыскарышы өз кезегинде бүтүндөй суу экосистемасынын тең салмагына таасирин тийгизет.
«Ушуга байланыштуу мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөш күчөтүлүп, суу объектилеринде үзгүлтүксүз рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.