Төө-Ашуудагы тоннелде оңдоо иштерин түндө жүргүзсө болобу?

Транспорт жана коммуникациялар министринин кеңешчиси Мурат Соорбеков «эмне үчүн Төө-Ашуудагы тоннелге түнкүсүн иштебейсиңер, Японияда 3 күндө бүтмөк» дегендерге жооп берген.

«Түндө иштөөгө мүмкүн эмес, анткени оор жүк ташуучу унаалар азыр түнкүсүн гана каттап жатышат. Күндүзү аларга температуралык режим киргизилген, күндүз жүрүшсө асфальттар бузулуп калат.

Төө-Ашууда аба ырайы кескин өзгөрүп турат, түнкүсүн суук, бул дагы асфальттын сапатына таасир берет деп айтышты.

Түндүк-түштүктү бириктирген жалгыз жол. Трафик абдан көп, ошондуктан 3 күн толук жаап бүтүрө алышрайт. Эгерде альтернативдүү жол бар болгондо тез эле бүтмөк», -дейт ал.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid031vhkYy6xDCT6gWei8ZDVQwsjHEPzhzSmZ4CfcYDkaFmsYFCv9f2dBHUmuTKRoJhNl&id=100003884606081&mibextid=Nif5oz

27 Июль 2023 жыл 16:41

Тема боюнча