Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолуна таш түштү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Таш бүгүн саат болжол менен 17:30 чамасында унаа жолдун 270-271-чакырым аралыгына түшкөн.
«Учурда окуя болгон жерде көчкүнүн көлөмүн тактоо жана жолду тазалоо иштерине атайын техникаларды тартуу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тиешелүү кызматтар тарабынан кырдаалга көзөмөл жүргүзүлүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча зарыл чаралар көрүлүүдө.