Тагаев: Талапкерлердин эсине! Жалган маалымат тараткандарга 65 миң сомго чейин айып салынат

Талапкерлердин эсине. Жалган маалымат тараткандарга 65 миң сомго чейин айып салынат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал белгилегендей, интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салууну караган мыйзам ушул жылдын 10-февралында күчүнө кирген.

“Арызды ИИМ кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Сот жалган маалымат таратты деп тапса, 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат”, — деди ал.

6 Октябрь 2025 жыл 16:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча