2025-жылдын 31-августунда Талас шаарындагы борбордук стадиондо Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин катышуусунда болуп өттү.
Салтанатка Кыргызстандын эстрада жылдыздары Нурлан Насип, Курал Чокоев, Ильяз Андаш, Алтынай Асанбекова, Айгерим Эшим жана Талас облусунун маданият кызматкерлери катышышып, журтубузга майрамдык маанай тартуулашты.
Анда облус башчысы Эрмат Джумаев Талас облусуна эмгеги сиңген атуулдарга: агай-эжейлерге, айыл өкмөт башчыларына, жолчуларга, тартип сакчыларына, дарыгерлерге Ардак грамоталарды, төш белгилерди жана Ардактуу атуул наамдарын ыйгарды.
Өлкөбүздүн жана облусубуздун өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ар бир атуулубузга терең ыраазычылык билдиребиз! Сыйлыгыңыздар кут болсун! Жашасын Эгемендүү Кыргызстан!
Иш-чара кубанычтуу салют менен жыйынтыкталып, меймандардын жүрөгүнө майрамдык шаң кошту.




