Талас облусунун башчысы Жерүй алтын кени менен таанышты

Ушул жылдын 8-августунда Талас облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Жерүй алтын кенине иш сапары менен барды.

Облустун ыйгарым укуктуу өкүлү жана райондордун жетекчилеринен турган делегацияны “Альянс Алтын” компаниясынын башкы директору Сабир Рахматов тосуп алды. Ал компаниянын адистери менен кошо Талас алтын кен комбинатынын учурдагы иши менен тааныштырып, «Альянс Алтындын» Жерүй кениндеги ишмердүүлүгү учурунда жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берди.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев алтын казуу учурунда экологиялык талаптардын сакталышын жеке текшерип чыгып, жумушчулар үчүн түзүлгөн заманбап шарттарды жогору баалады.

Мындан тышкары, облус башчысы “Альянс Алтын” компаниясынын жана анын Өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу тууралуу кеңири маалымат алып, бул колдоо Талас облусунун тургундарынын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканын белгиледи.

Эрмат Жумаев «Альянс Алтынга» ийгиликтерди каалап, Жерүй бүтүндөй аймактын өнүгүүсүндө маанилүү роль ойной турганын белгилеп, жергиликтүү бийлик жана инвесторлор менен биргелешип иштөөгө чакырды.

15 Август 2024 жыл 0:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча