Таласта 4,8 млн сомдук кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды

Талас районунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2000-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен жер тилкелери жана курулмалар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Көк-Ой айылындагы Талас токой чарбасына таандык 0,08 га жер тилкеси, ошондой эле Кең-Кол айыл өкмөтүндөгү аянты 25 чарчы метр болгон кампа курулмасы 0,12 га жери менен бирге мыйзамсыз менчиктештирилгени белгилүү болгон.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы наркы 4 млн 798 миң сомду түзгөн 0,20 га жер тилкелери жана кампа курулмалары кайрадан мамлекеттик жана муниципалдык менчикке кайтарылды.

21 Июль 2026 жыл 12:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча