Таласта айыл өкмөт башчысы кармалды

Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын башчысы жана жер адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө аталган кызмат адамдары тарабынан пайдасыз келишим түзүү фактысы аныкталды.

Алсак, 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан аймакта жалпы аянты 60 гектар жер тилкесине тамчылатып сугаруу системалары жана бассейн орнотулган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Аманбаев айыл аймагынын башчысы У.Б.А жана жер маселелери боюнча адис Б.С.А. жеке кызыкчылыктарын көздөп, жогорудагы 60 гектар жерди жакын туугандарына ижарага бергендиги аныкталган.

Белгиленген адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 1 млн 579 миң 980 сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча жогоруда аты аталган адамдар кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар уланууда.

10 Декабрь 2025 жыл 16:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча