Таластын бийчи кыздары Алматыда гран-прини утуп келишти

30-июнда Казакстандын Алматы шаарында өткөн “На высоте” фестивалына
Таластагы “Айкөл” бий академиясынын бийчилери катышып келди. Эл аралык
деңгээлдеги фестивалга академиянын Талас шаарындагы жана Шумкар-Уя айыл
аймагындагы филилалында тарбияланган бийчи кыздар биригип, жалпы 65 өспүрүм катышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында “Айкөл” академиясынын бийчилери 30дан ашык команданын
арасынан 1-2 орунга ээ болушту. Ошондой эле баш байге Супер Гран-Прини да жеңип алышты.

Таластык бийчилердин бул жолу сапарына “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду башкы демөөрчү болгон. Белгилей кетсек, фонд жана компания буга чейин дагы аталган жаш таланттарды колдоп келген. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик катары Шумкар-Уя айыл өкмөтү да колдоо көрсөткөн. Жаш өспүрүмдөрдү
кубаттап, дем берген демөөрчүлөргө бий академиясынын жетекчиси ыраазычылыгын билдирди.

10 Июль 2024 жыл 11:55

Тема боюнча