Ташиев: Ош-Ноокат жолу октябрь айынын аягына чейин бүтүрүлсүн

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолу октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал Ош-Раззаков жолунун реконструкциялоо иши менен жеринен таанышуу учурунда билдирген.

Ташиев белгилегендей жол учурда башталышы менен аягынан 6 чакырымдан бир катмары төшөлгөн, ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин жол толугу менен бүтүп, 4 тилкелүү унаа кыймылы үчүн шарт түзүүдүүсү зарыл.

Ал жетекчилерге Ноокаттагы 19,5 чакырым жол жана үч көпүрө толугу менен бүтүшү керектигин милдеттендиргенин кошумчалады.

«Жолдун сапатына укмуш көңүл бурулат. Мамлекеттин акчасын коротуп куруп, бир-эки жылдан кийин кайра жол салып жүргүчө, курбай койгон жакшы. Ошондуктан жолдун ар бир метринин сапаты текшерилет», — деди Ташиев.

22 Июль 2024 жыл 10:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча