Тажикстанда пластикалык хирургдардын кызматына суроо-талап өсүүдө 

Жарым жылдан бери Тажикстанда иштеп жаткан ливандык пластикалык хирург Фуад Реда акыркы кездери бул өлкөдө сырткы көрүнүшүн өзгөртүү боюнча операция жасатууга кызыккандар көбөйгөнүн билдирди.

Анын айтымында, кардарларынын арасында аялдар гана эмес, эркектер да көп.

«Эркектер көбүнчө мурундарын түздөтүү же курсактарын липосакция кылуу максатында кайрылышат. Арасында жашарып, бетин тарттырууну каалагандар да жок эмес», – деди ал.

Дарыгерлердин айтымында, акыркы жылдары Тажикстанда пластикалык хирургияга суроо-талап кескин өстү. Мындай кызматтарды мамлекеттик да, жеке да клиникалар көрсөтүп, өлкөгө чет мамлекеттерден пластикалык хирургдар келген учурлар да бар. Ошол эле маалда алардын ишинин жыйынтыгына канааттанбай, нааразылыгын билдирген жарандар да четтен чыгат.

«Кээ бир учурларда эч кандай зарылчылык жок экенин көрүп туруп, адамдарды пластикалык операция жасатпай эле коюуга көндүрүүгө аракет кылабыз. Айрым кардарлар кандай операция жасаткысы келип жатканын да билбейт, алар жөн гана сулуураак болгусу келип жатканын айтышат», – деди Хилола Сино аттуу хирург.

Булак: centralasian.org.

11 Октябрь 2023 жыл 17:15

Тема боюнча