Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды

Кыргызстанда Tez Jet авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул чечим үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда «Манас» эл аралык аэропортунда болгон авиациялык окуяданкийин кабыл алынды. Анда аталган компаниянын Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарып жаткан учагы кырсыкка кабылган.

«Жарандык авиация агенттиги окуядан кийин дароо иликтөө баштап, Tez Jet компаниясынын ишмердүүлүгү пландан тышкары текшерген. Натыйжада Кыргызстандын авиация мыйзамдарын одоно бузуу фактылары аныкталган. Бул кемчиликтер учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз терс таасирин тийгизери аныкталган соң, компаниянын лицензиясын кайтарып алуу чечими кабыл алынды», — деп жазды ал.

Ошондой эле ал авиакомпаниянын аталышына, тарыхына же рыноктогу ордуна карабастан, учуулардын коопсуздугуна тобокелдик жараткан ар бир тарапка карата мындан ары да эң катаал чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.

10 Июль 2026 жыл 17:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча