«Тез жардамда» иштегендердин айлыгын көтөрүү каралып жатат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Тез жардам» кызматында дарыгерлер, адистер таңкыстыгы бар экенин билдирди. Ал 26-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Кубанычбек Самаковдун суроосуна жооп берип жатып, учурда 726 бригада бар экенин, маянанын аздыгынан кызматкерлер келбей жатканын айтты. Анда өкмөт «Тез жардамда» иштегендердин айлыгын жогорулатуу маселесин карап жатканын билдирди.

Бишкек шаарында «Тез жардам» кызматында иштегендер 1-августта Саламаттык сактоо министрлигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүп, маянасы азайып кеткенине даттанган. Алардын бири «үч жыл мурда 25 миң сом алганын, июлдун жыйынтыгында 11 миң сом маяна колуна тийгенин» айтып чыккан. Он чакты кызматкер министрликтин өкүлдөрүнүн түшүндүрмөсүнөн кийин кайра тарап кеткен.

26 Октябрь 2023 жыл 14:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча