Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын жараны катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди.
Жол кырсыгы 23-августта Новосибирск облусунун Чаны аймагында катталган. ТИМдин маалыматына ылайык, кырсыктын жагдайларын аныктоо максатында Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Чаны аймагынын полиция бөлүмүнүн тергөөчүсү менен байланышкан.
Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстандын жаранына карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Учурда кырсыкка кабылган кыргызстандык жаран ооруканага жаткырылып, тиешелүү медициналык жардамдарды алууда.
«Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жарандын туугандары менен байланышта болуп, керектүү консулдук жардам көрсөтүп жатат», — деп айтылат маалыматта.